Техника сатып алуу үчүн 1 мрлд сомго тендер жарыяланды
Каржы министрлигинин Каржы-насыялык фонду атайын техникаларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Техникаларды сатып алууга 1 млрд сом каралган. Тендер 27-апрелде жарыяланып, арыздар 16-майга чейин кабыл алынат.
№1 экскаватор 49 даана – 629 млн сомго
№2 жүктөгүч унаа 10 даана – 46 млн сомго
№3 бульдозер 4 даана – 39,2 млн сомго
№4 жүктөгүч (манипулятору менен) 14 даана – 103,6 млн сомго
№5 жүк ташуучу унаа (седельный тягач) 8 даана – 60 млн сомго
№6 грейдер 1 даана – 6,9 млн сомго
№7 автокран 2 даана – 21,6 млн сомго
№8 бетон аралаштыргыч унаа 8 даана – 34,4 млн сомго
№9 Атайын багыттагы унаа (дренажды тазалоочу унаа) 2 даана – 30,8 млн сомго
№10 кичи автобус 5 даана жана автобус 1 даана – 28,5 млн сомго
Биздин Телеграм каналга катталыңыз