Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келди
Бүгүн парламент Акыйкатчыны кызматтан алуу сунушун карайт
03.05.2023 | 09:21
Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун карайт.
Буга чейин парламент 19-апрелдеги жыйынында Акыйкатчынын жылдык отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан.
Мындан улам “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Акыйкатчы тарабынан айрым мыйзамдардын ченемдери аткарылбагандыгын жүйө келтирип, Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизген. Натыйжада аталган демилге тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтүлүп, колдоо тапкан.
Абдрахматова бул кызматта 2022-жылдын февралынан бери иштеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом