«Портердин» айдоочусу жогорку ылдамдыкта баратып, окуучу кызды сүзүп кетти. Ал каза болду1-апрелден тарта электр энергиясын колдонууга киргизилген чектөөлөр алынатБишкектин муралдары: Катревичтердин үй-бүлөсү эски дубалдарга кантип жан берет?Сергей Шойгу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына согуш жылдарындагы элдердин эрдиги тууралуу уникалдуу китептер сериясын тапшырдыЧүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодо
Мөөнөтү өтүп кеткен “Тулпар” карталарын тейлөө убактылуу токтотулду
02.05.2025 | 18:53
Долбоор башталганда 2020-жылы чыгарылган «Тулпар» транспорттук карталарынын мөөнөтү бүттү.
Мындан улам аларды колдонууда убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.
Учурда «Тулпар» командасы карталардын жарактуу мөөнөтүн автоматтык түрдө узартуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүүдө.
Бул процесс 1-2 күнгө созулат. Иш аяктагандан кийин, карталар кайра кадимкидей иштей баштайт – ээлеринен эч кандай кошумча аракеттер талап кылынбайт.
Картаны жаңысына алмаштырууну каалагандар үчүн мындай мүмкүнчүлүк каралган.
Май майрамдарына байланыштуу “Тулпар” тейлөө борборунун иштөө убактысы өзгөрдү – аларды кызматтын расмий каналдарынан текшерсеңиз болот.
Рубрики: Жаңылыктар