Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кыргыз компаниясына эмерек чыгаруу үчүн 1,5 млн доллар бөлдү
02.05.2025 | 18:58
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы “Маткасым” компаниясына эмерек чыгаруу үчүн 1,5 млн доллар бөлдү.
Фонд аталган компаниянын экинчи долбоорун каржылап жатат. Ишкана бул каражатка жогорку технологиялык жабдууларды орнотуп, дүңүнөн сатыла турган беш багыттагы эмерек жасай турганы белгиленди.
“Маткасымов” ЖЧКсы ТВ аксессуарларын, металл конструкцияларды, үй буюмдарын жана түрдүү эмерек чыгарат. Компания ийгиликтүү иштеп, импорттун 30%ын алмаштырып, продукциясынын 28%ын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттойт.
Рубрики: Жаңылыктар