Текебаев Маевскийден 1 млн доллар алганбы? Куловдун жообу

Текебаев Маевскийден 1 млн доллар алганбы? Куловдун жообу

Саясатчы Феликс Кулов президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши боюнча айткандарына жооп кайтарды.

Белгилей кетсек, кечээ Садыр Жапаров “7-каналга” курган маегинде Текебаевдин Маевскийден 1 млн доллар алганын бардык саясий элита билет, Кулов дагы билет. Кулов калп десе Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет” деп айткан.

“Мен тууралуу айтылгандар эмнеге негизделгенин билбейм, бирок мен тергөөдө жана сотто ант берип айткандарымды кайталап айта алам. Менден 2010-жылы 21-декабрда Текебаев кайда деп сурашты, анткени Маевский ошол күнү Текебаев менен парламенттин имаратында жолугушкан.

Дал ушул күндөрү парламенттик оппозицияны түзүүнүн максаты боюнча консультациялар жүрүп жактан. Ошондуктан, биз аны издеп жатканбыз, бирок ал жумушта жок болчу, балким андай эмес чыгар, бирок мага ал өзүнүн туулган күнүн белгилөө үчүн кеткенин айтышты. Бул боюнча мен, Текетекбаев улуу адам экен, Сталин менен бир күндө төрөлүптүр” деп тамашалаганым эсимде. Бирок кийинчерээк анын туулган күнү 22-декабрь деп айтышты. Ошентип биз аны таба албадык жана “Ар-Намыс” фракциясы ошол мезгилде “Ата Мекен” фракциясы менен оппозициялык коалиция түзгөн жок. Мен кокустан ушул датаны эстеп калып, анын ишинде күбө болуп калдым.

Эмии Садыр Жапароывдун “бүткүл элита билет” дегенине келсек, бардык депутаттар Текебаевдин миллон доллар алганын, анын ичинде өзү дагы ырастай алат экен. Мен эми бир гана кеңеш бере алам: ким билет, сотко кайрылып жарандык милдетиңди аткар жана ошол жерде керектүү көрсөтмөлөрдү бер, бирок мени интригаларга аралаштырып, жалган көрсөтмө берүүгө үндөбө», — деген Кулов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>