Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?
Текебаев: Саясий туткундардын иши кайра каралышы керек (фото, видео)
29.08.2019 | 17:41
Сот залынан бошотулган соң Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов “Ата-Мекен” партиясынын штабынын алдына келип, колдоочулары менен жолугушууда.
Анда Текебаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз иштери менен “Ата-Мекен” партиясы биринчилерден болуп күрөшкөнүн айтты.
“Алмазбек Атамбаевдин бийликти менчиктеп алам деген ниетин “Ата-Мекен” партиясы биринчи айтып чыкты. Алмазбек Атамбаев 31-августта сүйлөп жатып экс-президент Роза Отунбаевага акаарат келтирип, кыргыз элинин эрдигин жерге чапты”, – деди ал.
Ошондой эле ал саясий туткундардын жана мыйзамсыз камалган баардык адамдардын иши кайра каралышы керек экенин айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат