Телефондун кубаттагычын канча убакыт колдонууга болот?
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюлдук телефонуңуздун кубаттагычы (зарядное устройства) өрттүн келип чыгышына алып келиши толук мүмкүндүгүн эскертти.
Андыктан төмөндөгү жөнөкөй эрежелерди так сактоону сунуштайт:
– Уюлдук телефондун кубаттагычын токко сайган бойдон калтырбаңыз. Эсиңизде болсун, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр кубаты кескин жогорулап кетиши мүмкүн. Бул кубаттагыч ысып, түтөп өрттөнүшүнө алып келет;
– Заманбап телефон кубаттагычы өрткө каршы системасы менен жабдылган. Бирок убакыттын өтүшү менен анын ички тетиктери эскирет. Өзгөчө арзан баадагы жана үч жылдан ашык пайдаланылган кубаттагыч буюмдар өрт кырсыгына кептейт;
– Кубаттагыч ысып кеткенин байкасаңыз, аны алмаштырганыңыз оң;
– Кубаттагычты, телефонду, планшеттерди күндүн нуру түз тийген жерге коюуга болбойт;
– Телефонду токко сайып алып көпкө сүйлөшүүгө, оюн ойноого, кино, видео көрүүгө болбойт;
– Кубаттагычты электр тогуна сайганда кароосуз калтырбаңыз. Айрыкча кичинекей балдардын колу жетпегендей болушу керек жана анын чубалгысы менен ойноосуна жол бербеңиз;
Эсиңизде болсун!
– Электр чыңалуусунун кубаттуулугу катуу шамал, бороон болгондо, жаан жааганда, чагылган түшкөндө көп болот. Бул кезде бардык үй-тирчилик буюмдарын электр тогунан ажыратып коюу ишенимдүү.
– Күнүмдүк турмушта колдонулган электр түйүнүндөгү токтун чыңалуусу эң сапаттуу тиричилик буюмдарын бузушу толук мүмкүн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз