Прокурор Адахан Мадумаровдун ишин кыскартууну суранды

Прокурор Адахан Мадумаровдун ишин кыскартууну суранды

Мамлекеттик айыптоочу Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров айыпталып жаткан иштин  мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу кыскартууну суранды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кубанычбек Туманов билдирди.

Анын айтымында, прокурор саясатчы күнөөлүү деп тапкан.

«Анын суранычы логикага жатпайт. Анткени иштин мөөнөтү эскирип кеткени башынан эле белгилүү болчу. Бул боюнча биз бир нече жолу айтканбыз. Бирок Мадумаровду камакта кармоо зарылчылдыгынан улам гана аны 6 айдан бери кармап олтурушат. Биз аны толук актоону талап кылабыз. Азыр акталбаса дагы бир учурда сөзсүз акталат», — дейт жактоочу.

Белгилей кетсек, Адахан Мадумаровго  2009-жылдагы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу №5 протоколго ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекетке чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>