Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсузудук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, «Кайыңды — темир жол» товарларды чек аралык каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталган.
Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелүүдө.