Видео: Ошто тургундан 400 миң сом опузалаган милиционер кармалып, үчөө издөөгө алынды

Видео: Ошто тургундан 400 миң сом опузалаган милиционер кармалып, үчөө издөөгө алынды

Ошто тургундан 400 миң сом опузалаган милиция кызматкери кармалып, дагы үчөө издөөгө алынды. Бул тууралу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерин УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери колго түшүргөн.

Ош шаардык милициянын төрт ыкчам кызматкери — милициянын капитаны Т.Б.Н., майор И.И.И., капитан Э.С.Э. жана майор Н.Ж.у. Ош облусунун тургунун зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, 400 миң сом акча талап кылышкан.

25-сентябрда 100 миң сом параны алып жатканы жеринен ортомчулук кылган адам кармалып, андан кийин милициянын майору Н.Ж.у. колго түшүрүлгөн. Учурда кармалган Н. Ж.у. эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ошол эле учурда, бул кылмышка тиешеси бар үч кызматкер (Т.Б.Н., И.И.И., Э.С.Э.) качып жүргөндүктөн 28-сентябрда сот аларды сыртынан камакка алуу чечимин чыгарып, издөөгө алынышкан.

УКМК аталган милиция кызматкерлердин кылмыштуу иш-аракетинен жабыр тарткан жарандар болсо 0(3222) 7-32- 32, 4-86-14 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>