Террордук акт тууралуу жалган кабар берген адам абакка кесилди

21.05.2023 | 13:23

Бишкекте жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган кабар берген жаран соттолду. Блу тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, иш Биринчи май райондук сотунда каралып, өкүм 18-майда чыккан. Соттун чечими менен А.Н. аттуу жаран алты айга соттолгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, быйыл 3-февралда саат 06:21 де “112” кызматына Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал маалымат жалган экени аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 41 жаштагы А.Н. аттуу жаран кармалган.

УКМК террордук акт тууралуу жалган маалымат берген адамдарга 5 жылга чейин абакка кесүү жазасы каралганын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top