Террордук акт тууралуу жалган кабар берген адам абакка кесилди

Террордук акт тууралуу жалган кабар берген адам абакка кесилди

Бишкекте жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган кабар берген жаран соттолду. Блу тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, иш Биринчи май райондук сотунда каралып, өкүм 18-майда чыккан. Соттун чечими менен А.Н. аттуу жаран алты айга соттолгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, быйыл 3-февралда саат 06:21 де «112» кызматына Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал маалымат жалган экени аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 41 жаштагы А.Н. аттуу жаран кармалган.

УКМК террордук акт тууралуу жалган маалымат берген адамдарга 5 жылга чейин абакка кесүү жазасы каралганын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>