БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Террордук уюмдун катарында Ирактагы согушка катышкан жаран кармалды
15.05.2024 | 15:37
Иракта эл аралык террордук уюмдун катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүү катары кармалган Кыргызстандын 31 жаштагы М.У. аттуу жараны “ИГ” эл аралык террордук уюмунун согушкери болгон. Ал бир нече жыл мурда чет өлкөдө иштеп жүргөндө, интернет аркылуу уюмдун катарына тартылган. Андан кийин ал 2015-жылдын август айында Түркия аркылуу Сирияга кеткен.
Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында жайгашкан логистикалык лагерлерде диверсиялык-күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, “ИГ” террордук уюмунун катарында Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.
Учурда аталган иш боюнча тергөө жүрүп жатат.