Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Бир айда чет өлкөдөн 9 кароосуз калган бала, 14 мигранттын сөөгү келди
15.05.2024 | 16:22
Кароосуз калган 5 жашы жете элек кыргыз жараны Орусиядан, 4 кыргыз жараны Тажикстандан мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Андан тышкары, мекеме АКШнын Теннесси жана Пенсильвания штаттарынын тургундары асырап алынган эки кыргыз баланын жашоо шарттарына байкоо жүргүздү.
Апрель айында чет өлкөдөгү консулдук кызматтар 126 жолу кырсыкка учураган мекендешке укук коргоо жана сот органдарында жардам көрсөткөн.
Беларуста, Германияда, Казакстанда, Кувейтте, Россияда, Сауд Арабиясында, Тажикстанда, Туркияда, Украинада оор турмуштук кырдаалга туш болгондор Кыргызстанга кайтарылды.
Бир айда 8 жарандын 550 миң сомго жакын төлөнбөгөн эмгек акысы өндүрүлдү.
Чет өлкөдө каза болгон 14 мигранттын сөөгү келди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом