Стамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)
Тигүү цехтери үчүн социалдык төлөмдөрдүн пайызы көбөйтүлөт
23.01.2024 | 09:45
Тигүү цехтери үчүн социалдык төлөмдөр 12 пайыздан 40 пайызга чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин айтымында, жеңил өнөр жай тармагы 15 жыл мурдагы убадасын аткарбай, көмүскөдөн чыга алган жок.
“Аларга жеңилдик иретинде 12 пайыздык гана төлөм киргизилген. Анын 6 пайызын жумушчу, 6 пайызын ишкер төлөйт. Бул 600-800 сом өлчөмүндө. Бирок ага карабай бул тармакта иштеген 197 миң киши Соцфондко бир тыйын чегербей жатат”, – дейт Бактияр Алиев.
Депутат Жылдыз Садырбаева бул демилге тигүү тармагын токтотуп коерун айтты.
Тигүүчүлөр эмнеге расмий иштегиси келбейт? Жөлөкпул албай калат
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика