Тигүүчүлөр эмнеге расмий иштегиси келбейт? Жөлөкпул албай калат

Тигүүчүлөр эмнеге расмий иштегиси келбейт? Жөлөкпул албай калат

Социалдык төлөмдөрдүн азайтылганына карабай тигүү тармагы көмүскөдөн чыккан жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Ал жеңил өнөр жай тармагында иштеген жарандарды каттоого алуу үчүн жеңилдиктер берилгенин белгиледи.

“Бирок алар баары бир расмий иштеп, социалдык төлөмдү төлөгүсү келбейт. Анткени тигүүчүлөрдүн көпчүлүгү жөлөкпул алышат. Эгер айлык акы алса, анда балдарына жөлөкпулду албай калат”, — дейт Исламбек Кыдыргычов.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, тигүү тармагына 200 миңге жакын киши тартылган. Миңге жакын цех көмүскө иш алып барат.

Өкмөт тигүү тармагын көмүскөдөн чыгаруу жана тигүүчөлөрдүн эмгек укуктарын жана пенсиялык төлөмдөрүн камсыз кылуу үчүн салыктык жеңилдиктерди берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>