Тик-Ток социалдык түйүнү аркылуу кичинекей кызына сыра ичирген келин кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Ж.Г. аттуу жаран 29 жашта, ал Ошко Сүлүктү шаарынын 17-февраль күнү келген.
«Ал түз эфирде кылган жоругун хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн жасагандыгын айткан. Милицияга мынчалык тез кармалып каларын күтпөгөндүгүн билдирип, элден кечирим сурады», — дейт ички иштер башкармалыгы.
Окуяга юридикалык баа берүү үчүн маалыматтар тергөө кызматына өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, бүгүн Тик-Ток колдонуучусу түз эфирге чыгып, анда кичинекей кызын уруп, сыра ичирип, азык-түлүккө акчасы жетпей жатканын айтып, элдерден акча талап кылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз