Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Тик-Токто түз эфирде кызына кол көтөрүп, сыра ичирген келин кармалды
20.02.2024 | 15:44
Тик-Ток социалдык түйүнү аркылуу кичинекей кызына сыра ичирген келин кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Ж.Г. аттуу жаран 29 жашта, ал Ошко Сүлүктү шаарынын 17-февраль күнү келген.
“Ал түз эфирде кылган жоругун хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн жасагандыгын айткан. Милицияга мынчалык тез кармалып каларын күтпөгөндүгүн билдирип, элден кечирим сурады”, – дейт ички иштер башкармалыгы.
Окуяга юридикалык баа берүү үчүн маалыматтар тергөө кызматына өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, бүгүн Тик-Ток колдонуучусу түз эфирге чыгып, анда кичинекей кызын уруп, сыра ичирип, азык-түлүккө акчасы жетпей жатканын айтып, элдерден акча талап кылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар