Мигранттар менен тыгыз байланышын айткан элчини депутат сөзгө жыкты

Мигранттар менен тыгыз байланышын айткан элчини депутат сөзгө жыкты

Жогорку Кеңештин эл аралык комитетинин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен байланышуу кыйын экенин айтты.

Алгач элчи 2023-жылы мигранттардан 4 миң 800 кайрылуунун түшкөнүн белгилеп, мекендештер менен өзү түзмө түз сүйлөшүп турарын айткан.

“Телефон номурум 20 жылдан бери өзгөрө элек. Күнүнө WhatsApp аркылуу 100дөй SMS келет. Мекендештердин бир нече чаттары бар, аларда өзүм дагы олтурам, окуп турам. Эшигибиз дайым ачык”, — деди Рустан Казакбаев.

Депутат элчи менен байланышуу өтө кыйын экенин, ага чалып дагы, WhatsApp номерине жазып дагы жооп ала албаганын кабарлады.

“Сиз мага жооп бербедиңиз. Депутаттар зериккенинен чалбайт. Эгер эл өкүлү сиз менен байланыша албаса, анда мигранттар кантип маселесин жеткирет?”, — деген суроо койду.

Руслан Казакбаев мекендештер элчиликтин иши нараазычылыгы жок экенин, алардан Тышкы иштер министрлигине эч кандай даттануу түшпөгөнүн белгиледи.

“Сиз менен сүйлөшпөпмүн. Жазганыңыз дагы эсимде жок. Эми андай учурлар болуп калат”, — деди дипломат.

Белгилей кетсек, кечээ парламенттик комитет Түркиядагы элчиликтин отчетун укту.

Түркиядан бир жылда 6 кыргызстандыктын сөөгү келди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>