Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
ТИМ Айеркен Саймаитиге таандык делген автоунаанын чоо-жайын тактап жатат
11.11.2019 | 18:32
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге таандык делген Range Rover үлгүсүндөгү автоунаанын чоо-жайын тактап жатат.
Министрликтин маалымат департаментинен билдиргендей, унаанын чоо жайын тактоо иши менен Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугу алкетенүүдө.
Азаттыктын иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам көз жумган.
Түркиялык басылмалар окуя болгон жерден жасалма номер менен консулдуктардын бирине таандык болгон Саймаитиге таандык делген унаа табылганын маалымдаган.
https://www.youtube.com/watch?v=fCr-uQzFF8o&feature=emb_title
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар