Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачты — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурларыСи Цзиньпин ДКӨнүн ачылышына катышкан жок — себебин КР башчысынын маалымат катчысы айтып бердиРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видео
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
12.11.2019 | 09:11
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.
Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков 11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековко Токаевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт.
Ага Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат