Иранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылуудаТегеранды каптаган «Каардуу айкырык»Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урдуКыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынсыздануусун билдирдиАР: Йемендик хуситтер Израилге каршы чабуулдарын кайра жандантатТегерандан Исфаханга чейин: АКШ жана Израиль кайсы объекттерди жок кылууда жана ирандык «проксилер» эмне менен коркутууда?
ТИМ: Казакстанда 15 жыл документи жок жүргөн жубайлар мекенине кайтарылды
20.10.2023 | 09:30
Казакстандын Алматы облусунда 15 жыл боюнча документи жок жүргөн кыргызстандык жубайлар мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, “Р.Б.К” жана “К.Э.Т” аттуу жубайлар Казакстанга 2008-жылы акча табуу үчүн кетип, ошондон бери Кыргызстанга чыгып, документтерин өз убагында жаңыртып алууга мүмкүндүгү болгон эмес.
Министрлик Алматы шаарындагы башкы консулдук менен бирге аларга документ жасатып, мекенине кайтып келүүсүнө жардам көрсөткөн. Ошондой эле аларга иштеген жумушу үчүн төлөнбөгөн эмгек акысын алууга кол кабыш кылынган.
Жубайлар 18-октябрда мекенине кайтып келишкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом