Милиция: Бишкекте коомдук тартипти бузган 6 чет элдик 3 күнгө камалды

Милиция: Бишкекте коомдук тартипти бузган 6 чет элдик 3 күнгө камалды

Бишкекете майда бейбаштык кылган 6 чет элдик жаран 3 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-октябрга караган түнү саат 01:10до милициянын «102» кызматына Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн короосунда чет элдик жарандар коомдук тартипти бузуп, ошол жерде жашаган тургундардын тынчын алып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине Свердлов райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, кызматкерлер 30 жаштагы Ш.В., А.Т, 37 жаштагы А.З., 27 жаштагы К.Ф., 28 жаштагы П.Н., 22 жаштагы Н.А., 49 жаштагы М.Н., 23 жаштагы М.Б., 25 жаштагы Н.А. аттуу чет элдик жарандарды тергөө кызматына жеткирген.

Аталган факты боюнча милиция Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүп, материалдар Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Жыйынтыгында сот тарабынан 6 чет элдик жаранды 3 күнгө шаардык милициянын атайын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу чечими чыгарылып, алардын экөөсүнө 5,5 миң сом айып салынган.

Ошондой эле  териштирүү учурунда 22 жаштагы Н.А., 27 жаштагы К.Ф. борбордогу окуу жайлардын студенттери экендиги аныкталып, аларды окуудан чыгаруу өтүнүчү менен кат жөнөтүлгөн.

Бишкек шаардык милициясы борбор калаада кылмыш жана укук бузууларды жасагандар, коомдук тартипти бузгандар жогорку окуу жайлардан бир тараптуу чыгарылышы жана атайылап жалган-жалаа таратуу үчүн Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экенин эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>