Тишин тазалаткан 3 жашар кыздын өлүмү: Шектүү кызматкер кармалды

12.01.2024 | 19:08

КММАнын медициналык борборунда 3 жашар кыздын өлүмүнөн кийин медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-декабрда Октябрь РИИБге И.А аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы бөлүмдөрдүн биринин медицина кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Себеби ушул жылдын 18-декабрында өзүнүн кесиптик милдеттерин туура эмес аткаргандыгына байланыштуу 2020-жылы туулган К.А. аттуу небересинин өлүмүнө алып келген.

Аталган факт боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу)  ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгында “баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок” себеп болгон.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Т.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

https://reporter.kg/tishin-tazalatkan-3-zhashar-kyzdyn-olymy-ata-enesi-kynoolyylordy-zhazaloonu-suranuuda-video/

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top