Мурда Көлбаевдики болгон эки объект президенттин башкармалыгына өттү

Мурда Көлбаевдики болгон эки объект президенттин башкармалыгына өттү

Бишкектеги Blonder Pub кафеси (Blonderbeer ЖЧКсы) жана Чолпон-Атадагы «Булат-М» аңчылык компаниясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинен президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Tazabek.kg жазды.

Маалыматка караганда, кафе менен компанияны президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү тууралуу өкмөттүн буйругу 2023-жылдын 28-декабрында эле чыккан.

Белгилүү болгондой, аталган эки объект маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон. Кримтөбөл былтыр октябрь айында УКМК жүргүзгөн кармоо операциясы учурунда Blonder Pub кафесинде көз жумган.

Кийин УКМК Көлбаевдин миллиондогон доллар түзгөн байлыгы ачыкталганын билдирип, алардын көбү мамлекетке Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттининин карамагына өткөн.

Blonder Pub кафеси менен «Булат-М» аңчылык жайы УКМК тараткан видеодо да көрсөтүлгөн. УКМК өз видеосунда кафе 3,5 млн долларга, аңчылык жай 1 млн долларга бааланарын билдирген.

УКМК маркум кримтөбөл Көлбаевдин канча байлыгы болгонун айтты (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>