Тишин тазалаткан 3 жашар кыздын өлүмү: Ата-энеси күнөөлүүлөрдү жазалоону суранууда (видео)

Тишин тазалаткан 3 жашар кыздын өлүмү: Ата-энеси күнөөлүүлөрдү жазалоону суранууда (видео)

Бишкекте Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анастезиология жана реанимация бөлүмүндө тишин дарылаткан 3 жашар кыз каза болгон. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Хасановдун айтымында, 3 жашар кызды атасы тиштерин тазалатуу үчүн аталган медициналык борборго алып барган. Ал жерден анестезиолог кичинекей кызга жалпы наркоз берип, анын айынан кичинекей кыз каза болуп калган.

Мындан улам Хасанов укук коргоо органдарынын жетекчилерине жана саламаттык сактоо министине кайрылып, аталган маселени көзөмөлүнө алып, күнөөлүү адамдарды жазага тартууну суранды.

Ал эми кыздын чоң апасынын айтымында,

«3,5 жарым жаштагы неберемди тишин тазалатабыз деп алып кетишкен. Аны тишин тазалоого саат 11:40та алып кирип, 18:30да өлтүрүп, колуна берип коюшуптур.

Чыктыбы деп улам чалып, сурап жаткам. Андан кийин 18:30да «чыкты» деди.Ызы-чуу болуп жатканынан, баламды унаа айдатып барсам, келиним баланы кучактаган бойдон отуруптур. Уулум эшикте муздун үстүндө отурган экен. Ошентип неберемден айрылып калдым», — дейт ал.

Кыздын чоң энеси бул маселени териштирүүнү УКМК көзөмөлгө алса дейт. Ал УКМКга гана ишенич артарын айтат. Ошондой эле ал билдиргендей, учурда уулуна телефон чалуулар болуп, кысым көрсөтүүгө аракет кылгандар болууда.

Ал эми маркум кыздын атасы билдиргендей, кызынын тишин курт жеп, ириң пайда болуп, кызы ыйлагандыктан бир нече клиникага кайрылышкан. Ал жактан кызынын тишин тазалоо керектигин, болбосо өтүшүп кетиши мүмкүн экенин айтышкан. Алар кызынын тишин «Дентомакс» деген клиникадан жасатмай болушкан. Кызматы 106 миң сом болорун айтышкан. Кыздын ата-энеси макул болгон.

«Бизге дарыгер биринчи күнү «Мекакадемиянын медициналык борборуна келгиле» деп жазды. Ал жактан «тишин сүрөткө тартып, жасап баштайбыз» деди. Биз бардык, тишин сүрөткө тартты. Кызымды алып кирип кетишти. Мен өзүм көтөрүп киргизейин, ыйлайт да десем, «бул жак операциялык блок, киргенге болбойт, стерилдик бөлүк» деп ичке алып кетишти. Канча саатка созуларын сураганда, «4-4,5 саат болот» деди. Келинчегим экөөбүз күтүп отурдук. Саат 17:00 болуп калганда, тынчсызданып, эмне болду, бүтүш керек эле десек, дарыгер «баары жакшы, үстүнкү тиштерин жасап бүтүп, астын жасап жатабыз, 40 мүнөттө бүтөм» деп аудиобилдирүү жөнөттү. Биз макул деп, күтүп  отуруп калдык. Аңгыча саат 18:00 болду. Жүрөгүм бир нерсе сезгендей, реанимациялык блоктун жанына барып, күтүп турсам, топ дарыгер ичке кирип кетти. 10 мүнөттөй жүрүп, чыгышты. Алар чыкканда жанагы тиш доктур да чыкты. Кызым каякта, эмне болду, бүттүбү деп сурасам, «жүрсөңүз, сүйлөшөлү» деп ээрчитип кетти. Бир иш бөлмөгө алып киришти. Ал жерден «тишин жасап бүтүп калганбыз, бирок жүрөгү токтоп калды» деп айтты. Кантип токтоп калды, кандайча токтоп калат?» дедим. Андан кийин келинчегим чуркап бардым», — дейт кызын жоготкон ата.

Ал кызын өлүмгө алып келген медицина кызматкерлерин жазалоону суранууда.

Бул окуя боюнча Октябрь райондук милициясынын маалыматы боюнча, 18-декабрда аларга И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн медицина кызматкерлери кесиптик милдеттерин так аткарбагандыктан, кичинекей кызы каза болгон.

Аталган арыз каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Бардык экспертизалар дайындалган.

«Материалды объективдүү жана ар тараптуу текшерүү үчүн тергөөгө чейинки текшерүү улантылууда. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз», — деп билдиришти милициядан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>