ТМУнун бейформал саммитинде бир катар документтерге кол коюлду

07.07.2024 | 11:31

Президент Садыр Жапаров 6-июлда, Шуша шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын бейформал саммитине катышты.

Бейформал саммит Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин төрагалыгы алдында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Карабах декларациясы;
2. Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгынын штаттык санын жана бюджетин көбөйтүү тууралуу чечим;
3. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттер менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташуу жана эл аралык автомобиль ташуу чөйрөсүндө электрондук уруксатты (Е-Permit) пайдалануу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

[image_carousel source=”media: 211880,211881,211882,211883,211884″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top