Тоңдо жашылча-жемиш мөндүр алдында калды – сүрөт

Тоңдо жашылча-жемиш мөндүр алдында калды – сүрөт

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мөндүр жаап, чарба өсүмдүктөрү жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-июнда маалымдагандай, мөндүрдүн кесепетинен Көл-Төр, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак айылындагы чарба өсүмдүктөрү зыянга учураган. Мөндүрдөн турак үйлөр жана жолдор жабыркаган эмес.

Ошондой эле маалыматта учурда зыяндын кесепеттери такталып жатканы, комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен ЖМКларга кабарланары айтылат.
[su_image_carousel source=»media: 31088,31089,31090″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>