Кыргызстандык балбан Алхам Абдрасулов дүйнө чемпиону болдуАйзирек Эралиеванын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты: Күнөөлүү 18 жылга эркинен ажыратылдыКыргызстанда аялдардын коопсуздугу боюнча масштабдуу изилдөө жүргүзүлөтЧолпон-Атадагы эс алуу жайында массалык мушташ чыктыЭми дары кымбат болсо тиркеме аркылуу арыз калтырса болотМаданият министрлиги Намыс кодексинин долбоорун коомдук талкууга койду
Тогуз ай ичинде 526 киши жол кырсыгынан каза болду
09.10.2019 | 17:58
Жыл башынан бери жол кырсыгынан 526 киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов парламент жыйынында Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын 9 айында Кыргызстанда 458 адам жол кырсыгынан каза болгон.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоор олуттуу эмес жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата айып пулдарынын өлчөмүн азайтуу максатында иштелип чыккан.