Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Тогуз айда 700дөн ашык этникалык кыргыз кайрылман макамын алды
12.11.2025 | 10:31

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын ичинде 711 этникалык кыргыз кайрылман макамына ээ болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылман макамын төмөнкү өлкөлөрдөн келген этникалык кыргыздар алган:
- Өзбекстандан— 54 адам;
- Тажикстандан— 629 адам;
- Кытайдан— 12 адам;
- Орусиядан— 7 адам;
- Ооганстандан— 8 адам;
- башка өлкөлөрдөн — 1 адам.
Кайрылман күбөлүгү үч жылдык мөөнөткө берилет. Ушул убакыт аралыгында кайрылман макамынын ээлери Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча кайрылууга тийиш.
Кайрылман макамына ээ болгон жарандар социалдык жөлөкпулдарга, пенсияларга, медициналык жардамга, билим алууга жана Кыргызстандын аймагында эмгектенүүгө укуктуу.
Мекеме билдиргендей, эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстанга 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүп келип, алардын ичинен 65 миңге жакыны өлкө жарандыгын алышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом