Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
«Бишкек» ЭЭАдан мыйзамсыз иштеген мигранттар аныкталды
12.11.2025 | 10:12
«Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын аймагынан тиешелүү уруксат кагаздары жок иштеген мыйзамсыз мигранттар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору билдирди.
Аныкталгандай, 12 чет элдик жаран Кыргызстанга туристтик виза менен келип, «Бишкек» ЭЭАсынын аймагында мыйзамсыз эмгек ишин жүргүзүп келишкен. УКМКнын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын ар бирин «Чет элдик жарандардын КР аймагында болуу, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү же транзиттик өтүү тартибин бузуу» беренеси боюнча айыпка жыгышкан.
Мындан тышкары, мыйзамсыз ишке орноштурган иш берүүчүгө да Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик эмгек күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузганы үчүн 65 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

