ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Тогуз-Тородо тургундун мал сарайынан мыйзамсыз курал- жарактар табылды
23.09.2020 | 17:47
Жалал-Абадда тургундан мыйзамсыз курал-жарактарды алынды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрда Жалал – Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы ички иштер бөлүмүнө райондун тургуну мыйзамсыз куралдарды сактап жана пайдаланып жүрөт деген маалымат түшкөн.
Натыйжада Тогуз-Торо районунун 30 жаштагы тургуну, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебеген К.М. аттуу жаран ок атуучу куралдарды өзүнүн үйүнүн короосунда жайгашкан мал сарайында сактап жаткандыгы аныкталган.
Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө мал сарайынан мыйзамсыз түрдө сакталган төрт даана ок атуучу курал, 1 сайлуу, 3 сайсыз жана беш даана калибердеги ок-дары алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар