Өкмөт: Эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, башка каттамдарды ачуу иштери жүрөт

Өкмөт: Эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, башка каттамдарды ачуу иштери жүрөт

Эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

«Эң көп кайрылуулар авиа каттамдарды жандандырылуусу боюнча келип жатат. Өткөндөгү брифингде 32 өлкөгө чек араны ачууга макулдук берилди. Анын ичинен өтө көп суралган: Орусия, Казакстан, Түрк Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары ж.б. Эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштерди күчөтөбүз», — деп маалымдады Боронов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>