Тогуз-Торо районунун Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 55-чакырымында Audi-100 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып жолдон чыгып, сайга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы Э.А. аттуу айдоочусу каза болгон.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.