2026-жылы КРСУну 1000ден ашуун студент аяктады: бүтүрүүчүлөр жана жумушка орношуу көрсөткүчтөрүКамчыбек Ташиев 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпай турганын билдирдиКыргызстанда аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттери үчүн кенемте төлөтүү сунушталуудаАКШ Ирандагы объекттерге сокку урду — Тегеран жооп кайтардыАдылбек Касымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу аземине катыштыКРСУ жана КФС студенттик футболду өнүктүрүшөт
Милиция 4 кг. “апийими” менен кишини кармады
06.10.2021 | 10:24
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы мейманканалардын биринде баңгизаттарды сатууга аракеттенген 39 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалган. Ал аркага асынып жүрүүчү рюкзагында 3 жарым килограммдан ашуун маңзаты табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, 3 кг 688 грамм “апийим” болгондугу тастыкталган. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык тергөө абагында. Азыркы учурда, сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган кылмышка катыштыгы бар болгон жарандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом