Салык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскерттиТажикстан Россияга айыл чарба экспортун көбөйтүүдө: Кыргызстанга жеткирүүлөр минималдуу бойдон калуудаЕАЭБде мунай жана газдын бирдиктүү рынокторун түзүү талкууланды: 2030-жылга чейинки пландарТокмокто аял жарандык никедеги жолдошун өлтүрүүгө шектелип кармалдыБишкек мэри борбор калаанын борборундагы курулуштар бузулган жерге курула турган фонтандардын долбоорун көрсөттүБишкекте тоолуу дистанциялар боюнча ачык чемпионат өтөт
Тогуз-Тородо жол кырсыгынан 1 адам каза болуп 4 адам жабыркады
04.12.2020 | 10:24
Тогуз-Торо районундагы Казарман-Актал-Чат унаа жолунда болгон жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалыматына караганда, кырсыктан дагы 4 адам ар кандай жаракат алган.
Аталган унаа жолдогу Кара-Гөө ашуусунда “Тойота Гайя” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетиши кырсыкка себеп болгон. Кырсыктын кесепетинен 61 жаштагы адам каза болуп, төрт адам аркандай жаракаттарды алган.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган адамдарды тез жардам унаасына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар