Соода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүнБыйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачатКыргызстанда президенттик шайлоо качан жарыяланарын Дастан Бекешев айтып берди
Тогуз-Тородо жол кырсыгынан 1 адам каза болуп 4 адам жабыркады
04.12.2020 | 10:24
Тогуз-Торо районундагы Казарман-Актал-Чат унаа жолунда болгон жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалыматына караганда, кырсыктан дагы 4 адам ар кандай жаракат алган.
Аталган унаа жолдогу Кара-Гөө ашуусунда “Тойота Гайя” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетиши кырсыкка себеп болгон. Кырсыктын кесепетинен 61 жаштагы адам каза болуп, төрт адам аркандай жаракаттарды алган.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган адамдарды тез жардам унаасына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар