Журналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулдуОш шаарындагы Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымы таштандыдан тазалануудаЭнергетика министрлиги эки индиялык компания менен кызматташуу боюнча келишим түздүОш шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланатКыргызстанда балдардын жасалма сүт аралашмаларынын жана соскалардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталуудаӨлтүрүп, сөөгүн көмүп салган. Кара-Балтада 38 жаштагы жаран кармалды
Токаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды
26.08.2023 | 13:27
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө казак-кыргыз чек арасында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну тапшырды.
Ошондой эле ал чек арадан мыйзамсыз жүк ташып өтүүгө жол бербөө үчүн санариптештирүү жана автоматташтыруу процессин активдүү киргизүү маселеси боюнча кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы белгиленди.
Кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң-автодорожный» жана «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттеринде жүк ташуучу унаалар бир нече күндөн бери токтоп турат. Жүк ташуучу унаалардын топтолгону тууралуу билдирүүлөр 21-августтан тарта чыга баштаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом