Токмокто «элдик дарыгер» алдамчылыкка шектелип кармалды
Токмок шаарында укук коргоо кызматкерлери тарабынан 41 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шектүү өзүн “элдик дарыгер” катары көрсөтүп, жарандардын ишенимине кирип жүргөн.

«Социалдык тармактарды мониторинг учурунда Instagramдагы бир блогердин баракчасына Токмок шаарындагы бир микрайондо жашаган М.Э. аттуу аял “улуттук ыкма менен дарылоо” деген шылтоо менен жарандардан акча алып, кийин алардын атына насыяларды тариздеп жүргөндүгү тууралуу маалымат жарыяланган», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Токмок шаардык милициясына Н.Ж. аттуу жаран кайрылып, 2024-жылдын февралынан октябрь айына чейин М.Э. анын ишенимине кирип, жалпы 1 млн 500 миң сом алганын билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери 41 жаштагы М.Э.ни кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алышкан. Учурда дагы башка эки жаран аялга каршы арыз жазышкан. Учурда тергөө жүрүүдө.
Чүй облустук ИИБ жарандарга кайрылып, эгер кимдир бирөө кармалган аялдын аракетинен жапа чеккен болсо, бул тууралуу Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө же төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүнү суранды: 0312 60-73-63, 0701 15-35-12.