Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги балыктын генофондун сактоого багытталган долбоорду ишке киргизди.
Аталган министрликтен билдиришкендей, долбоордун алкагында Жалал-Абад облусундагы Токтогул суу сактагычына куйган Торкент, Чычкан жана Узун Акмат дарыяларына балыктын эки түрү — осетр балыгынан 27 миң даана жана лосось балыгынан 90 миң даанасы кое берилген.
«Осетр жана лосось балыктарынын популяциясынын көбөйүшү өзгөчө социалдык жана экологиялык перспективага ээ. Жоголуп бара жаткан түрлөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүдө абдан пайдалуу процесс болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз