Былтыр чет өлкөдө кармалган 63 жаран мекенине экстрадицияланган

Былтыр чет өлкөдө кармалган 63 жаран мекенине экстрадицияланган

Былтыр издөөдө жүрүп, чет өлкөдө кармалган 63 кыргызстандык жаран мекенине экстрадицияланган. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Бишкектеги маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда былтыр издөөдө жүрүп кармалган 21 чет элдик жаран мекенине экстрадиция болгон. Алар Россия, Корея, Өзбекстан, Казакстан, Кытайдын жарандары болушат.

«Издөөдө жүрүп кармалган 63 (кыргызстандык –ред.) жаран Россия, Өзбекстан, Казакстан, Польшадан Кыргызстанга алынып келген. Чет өлкөнүн аймагында соттолуп, жазасын мындан ары өтөө үчүн Кыргызстандын 60 жараны Россия жана Казакстандын түзөтүү мекемелеринен өткөрүлүп алынды», — деди ал.

Ал билдиргендей, Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматы боюнча, Россиянын 79 субъектисиндеги түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1 миң 77 жараны жазасын өтөшүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>