Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Токтогул суу сактагычына куйган дарыяларга балыктар кое берилди
31.01.2023 | 17:45
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги балыктын генофондун сактоого багытталган долбоорду ишке киргизди.
Аталган министрликтен билдиришкендей, долбоордун алкагында Жалал-Абад облусундагы Токтогул суу сактагычына куйган Торкент, Чычкан жана Узун Акмат дарыяларына балыктын эки түрү – осетр балыгынан 27 миң даана жана лосось балыгынан 90 миң даанасы кое берилген.
“Осетр жана лосось балыктарынын популяциясынын көбөйүшү өзгөчө социалдык жана экологиялык перспективага ээ. Жоголуп бара жаткан түрлөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүдө абдан пайдалуу процесс болуп саналат”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом