Токтогул суу сактагычына суу аз агып кирүүдө

Токтогул суу сактагычына суу аз агып кирүүдө

Бүгүн, 6-апрелде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 585 миллион куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 156 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 431 куб метрге жетүүдө.

Ал эми өткөн дүйшөмбү, 29-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 752 миллион куб метрди түзгөн. Суунун агып келиши секундасына 190 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 190 куб метрге жеткен.

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>