Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Токтогул суу сактагычында былтыркыга караганда 656 млн куб метрге көп суу бар
27.01.2025 | 10:50
Бүгүн, 27-январга карата Токтогул суу сактагычында 10 млрд 109 млн куб метр суу бар. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында айтылат.
Бүгүнкү күнү суу сактагычка секундасына 192 куб метр суу агып кирип, 681 куб метр суу агып чыгууда.
2024-жылдын 27-январына караганда бүгүн Токтогул суу сактагычында 656 млн куб метрге көбүрөөк суу бар. Былтыр ушул эле күнү 9 млрд 453 млн куб метр суу болгон. 158 куб метр агып кирип, 633 куб метр агып чыгып турган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом