Үч унаасын ээлеп алган: Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалдыБШК бир нече жергиликтүү кеңештин депутаттарын мандатынан ажыраттыСууну үнөмдөө гана жетишсиз — эксперт Булат Есекин Борбордук Азиянын келечеги тууралуу«Тез балык жай балыкты жутат»: МинКабдын мурдагы башчысы Борбордук Азиядагы чакырыктар тууралууКРде жасалма интеллекттин жардамы менен «Барсбек Каган» тарыхый тасмасы тартылдыБостериде VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму ачылды
Өкмөт Улутук банк тапкан кирешени бюджетке алууну көздөп жатат
27.01.2025 | 11:34
Өкмөт экинчи жыл катары менен Улутук банк тапкан кирешени бюджетке алууну көздөп жатат. «Улуттук банктын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.
Мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеген. Анда Улуттук банк 2024-жылы тапкан 100% пайдасын республикалык бюджетке которуп берери каралган. Ал бюджеттин кирешесин көбөйтүү максатында жасалууда.
Улуттук банк 2024-жылы канча киреше тапканы тууралуу маалымат азырынча жарыялана элек.
Эскерте кетсек, былтыр да Улуттук банк 2023-жылы тапкан 12 млрд сомдон ашык кирешесин республикалык бюджетке которгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика