Токтогулда мурда суу каптап турган жерлерден адамдардын сөөгү чыгууда — сүрөт, видео

Токтогулда мурда суу каптап турган жерлерден адамдардын сөөгү чыгууда — сүрөт, видео

Токтогул суу сактагычында суу азайып, анын ордунан адамдардын сөөктөрү табылууда. Бул тууралуу райондун активисттери социалдык тармакта жарыялашты.

“Акыркы убактарда Токтогул суу сактагычы кескин түрдө азайып, мурунку суу сактагычтын алдынан биздин Ата-бабаларыбыздын сөөктөрү жайнап ыңгайсыз абал жаратууда. Мындан улам Токтогул эли кайдыгер карап турбастан, Токтогул районунун акими демилге көтөрүп Ар бир айыл өкмөттөр жана жергиликтүү эл менен биргеликте иш алып барды. Натыйжада иш толук кандуу аяктады. Сөөктөрдү чогултуп кепиндеп, Куран окуп Комсомол айылынын көрүстөнүнө жашырышты”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин демилге көтөргөндөрдүн бири сууга жакын айылдар жээкке барып, сөөктөрдү чогултуп, өз айылдарындагы көрүстөнгө коюша турганын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>