Токтогулда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 6 адам жаракат алды

Токтогулда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 6 адам жаракат алды

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза таап, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 12-октябрда саат 14:00дөр чамасында Токтогул районунун Кара-Жыгач айылы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 310-чакырымында болгон. Анда “Хонда Адиссей” жана “Тайота Фораннер” үлгүлөрүндөгү унаалар кагышып,  кырсыктын кесепетинен 53 жаштагы 2 киши жана 50 жаштагы аял каза болгон. Мындан сырткары 6 адам ар кандай жаракаттарды алган. 

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары жаракат алгандарды чыгарып, “Тез жардам” кызматына, каза болгондорду милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.     

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>