БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Токтонасыров окуучуну урду деген мугалимди коргоп чыкты (ВИДЕО)
27.01.2022 | 11:34
“Мугалимди ким когойт?”- деген жазуусу бар плакатты көтөрүп алып жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Билим берүү министрлигинин алдында пикетке чыкты.
Ал Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы мектептин мугалиминин жумуштан кеткенине нааразы болуп, министрликтен мугалимдин укугун коргоп алуусун талап кылып чыккан. Ошондой эле мугалим негисиз жумуштан кеткенин айтып, мугалимди коомчулук коргоп калуу керектигин айтты.
Буга чейин Лебединовка айылында №1 орто мектебинин мугалими окуучуну жулкулдатып жаткан видео тарап, андан соң ал мугалимдин жумуштан кеткени кабарланган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар