Бүгүн салык режимин тандоонун акыркы күнү

Бүгүн салык режимин тандоонун акыркы күнү

Салык режимин тандоо боюнча салык органдарына арыз берүүгө бир күн калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Салык режимин бардык салык төлөөчүлөр эмес, 2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патенттин, салык келишиминин же чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде төлөгөндөр гана тандашы керек.

Алар салык режимин тандоо үчүн салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга тийиш.

Белгиленген формадагы арыз түздөн-түз салык органына берилет.

«Жогорку категориядагы төлөөчүлөр бирдиктүү салыкты же жалпы салык режимин тандай алышат. Салык төлөөчү жалпы салык режимин тандоодо бир эле учурда КНС төлөөчү катары каттоого арыз берет», — деп жазат басма сөз кызматы.

Ал эми жалпы салык режиминде салык төлөгөндөр жана КНС төлөөчү болуп эсептелбегендер салык төлөө режимин – бирдиктүү салыкты тандай алышат.

Ошондой эле бүгүн, 27-январда Бишкек шаарындагы салык органдарынын “бирдиктүү терезелери”, Ишкерлерди тейлөө борбору салык төлөөчүлөрдү саат 23:00гө чейин кабыл алаары маалым болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>