Сокулукта эркек кишини апасы менен кошо сабап, тоноп кеткендер кармалды

Сокулукта эркек кишини апасы менен кошо сабап, тоноп кеткендер кармалды

Чүй облусунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 10-январь күнү саат 22:45 чамасында Сокулук РИИБге каракчылык фактысы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барышып, барган жеринде беткапчан белгисиз адамдар Сокулук районунун айылдарынын бириндеги үйлөрдүн бирине кирип, 33 жаштагы Э.Н жана 50 жаштагы М.С.нын (энеси менен баласы) денесине залал келтирип, 1 млн 200 миң сом акчасын тартып алышкан, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Аталган факты «каракчылык» беренеси менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, керектүү экспертизалар дайындалды.

Керектүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө жогорудагы фактыга шектүү катары 26 жаштагы Ш.А., 44 жаштагы Х.Р. жана Ю.И. кармалган.

Окуяны тинтүү учурунда бир кылмышка шектүүнүн жанынан 551 миң сом, экинчисинен 85 миң сом акчасы табылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>